Түркиянын Сакарье шаарында эркек киши Израилдин Газадагы иш-аракетине нааразычылыгын билдирип, айдап жүргөн унаасын өрттөп салды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү телеграмм каналдары жазышты.
Маалыматка ылайык, ал өрттөгөн унаасын насыяга алган жана аны толук төлөп бүтө элек болчу. Ал Газада адамдар өлүп жатса унаа бейкапар унаа айдоо уят экенин айтып, унаасын өрттөп жиберген.
Анын унаасы толугу менен күйүп кеткен.