Кыргызстандан жогорку окуу жайды бүтүп, диплому менен өлкөсүнө барган пакистандык жигитти үй-бүлөсү шаан-шөкөт менен тосуп алды. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Андагы маалыматка ылайык, студент үй-бүлөсүндө жогорку окуу жайды бүтүп диплом алган биринчи адам болгон. Буга кубанган ата-энеси Бишкектен барган каттамды чыдамсыздык менен күтүшүп, уулунун дипломун көргөндө көзүнө жаш алышкан.
Аны аэропортто жакындары гүл кармап, шаан-шөкөт менен тосуп алган.