Бишкектин Биринчи май районунда “Жылдын мыкты тарбиячысы” сынагы өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
"Улуттук баалуулуктарды жайылтуу жана тарбиячылардын чыгармачылык потенциалын колдоо максатында Биринчи май районунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын арасында «Жылдын мыкты тарбиячысы» кароо-сынагы өткөрүлдү.
Сынактын жыйынтыгында «Мыкты тарбиячы» номинациясы боюнча 1-орунду №1 жана №93 бала бакчалардын тарбиячылары ээлешти.
«Мыкты адис» номинациясында №5 бала бакчанын адиси жеңүүчү деп табылды", - деп билдиришти мэриядан.
Бардык жеңүүчүлөр шаардык сынакка катышууга жолдомо алышты.