Бишкекте аскерлердин ант берүү аземи өттү (фото)

Бүгүн, 19-апрелде ЖАМКнын Кайтаруу жана конвой департаментинде 2025-жылдын жазгы чакырыгы менен келген жоокерлердин ант берүү аземи жана аталган департаменттин 83 жылдыгы белгиленди.

Иш-чарага ЖАМКтын жетекчилиги, департаменттин ардагерлери, өз ара кызматташ күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, республикалык жоокерлер энелери комитетинин төрайымы, ошондой эле жаш жоокерлердин ата-энелери, жакындары катышты.

“Мына бүгүн Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинде 200 жаш жоокер ант берүү аземинде турат. Бул жоокерлер ант алгандан кийин биздин күзөтүү мекемелерди кайтарууга ар бир батальондорго эртеңден баштап бөлүштүрүп беребиз. Алар күзөтүү мекемесин кайтаруу, Чүй облусунда конвой менен коштоп жүрүү кызматтарын аткарышат”, - деди аталган департаменттин башчысы Курманбек Сокеев.

19.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан