Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арахчи жана аны коштогон делегация Ирандын өзөктүк программасы боюнча АКШнын өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн Римге барды. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик телеканалы билдирди.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаинин айтымында, кыйыр сүйлөшүүлөр Омандын тышкы иштер министри Бадр аль-Бусаидинин ортомчулугу менен Италияда өткөнү жатат.
Багаи ошондой эле алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн айлампасы пикир келишпестиктерди биротоло жөнгө салууга алып келбей турганын белгилеген.
"Биз бул эң оңой жол эмес экенин түшүнөбүз, бирок биз өткөн тажрыйбага таянуу менен ар бир кадамыбызды көзүбүздү чоң ачып жасайбыз", - деген ал.
12-апрелде Омандын Маскат шаарында Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу кырдаалды жөнгө салуу үчүн Омандын ортомчулугу менен АКШ менен Ирандын өкүлдөрүнүн ортосунда кыйыр сүйлөшүүлөр өткөн. Ирандык делегацияны Арахчи, ал эми америкалык делегацияны президенттин атайын өкүлү Стивен Уиткофф жетектеп барды.