Орус аскерлери Курск облусун бошотуу үчүн бир эле айыл калганы айтылды

Орусия Курск облусун украиналык аскерлерден толук тазалоо үчүн бир гана айыл калды. Бул тууралуу Тасс агенттиги өз булактарына таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, Орус аскерлери Курск облусун толук бошотуу үчүн Украинанын куралдуу күчтөрүн Горналь кыштагынан сүрүп чыгарышы керек. Учурда айылда айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат.

"Орус аскерлери Курсктагы Олешня кыштагын толугу менен бошотушту. Муну менен Курск облусунда украиналык аскерлер бир эле айылда, Горналь айылында калышты. Учурда ал жерде айыгышкан салгылаш жүрүп жатат. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү күч менен чыгарылууда", - деп жазылат анда.

Украинанын куралдуу күчтөрү Курск облусуна 2024-жылдын август айында басып кирип, андан бери аймакта салгылашуулар жүрүп жатат. 2024-жылдын декабрынын башында Орусиянын президенти Владимир Путин Алексей Смирновдун ордуна Александр Хинштейнди аймактын губернаторунун милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Түз эфир учурунда Путин орус аскерлери Курск аймагынан Украинанын куралдуу күчтөрүн сөзсүз толугу менен кууп чыгарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан