Ырчы, мурдагы элчи Ибрагим Жунусовдун түрктөрдүн атактуу Bu Kadar Mı ырын ырдап жаткан видеосу социалдык тармактарга тарады.
Көпчүлүк интернет колдонуучулар ал ырды оригиналынан дагы мыкты аткарганын жазышууда. Ибрагим Жунусов түрк тилиндеги ырды тойканалардын биринде ырдаган.
Ибрагим Жунусов Кыргызстандын Түркиядагы, андан кийин Өзбекстандагы элчиси болуп иштеген.