Москванын түштүк-батышында унаада жүргүнчү аялга сексуалдык зомбулук жасаган деп шектелген таксист тергөө абагынан ооруканага жеткирилип, андан кийин каза болду. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы укук коргоо органдарына таянуу менен жазды.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын сентябрь айында Москванын түштүк-батыш тарабында унаада аялды зордуктаган деп Орто Азиядан барып, таксист болуп иштеп жүргөн жаран кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя 2024-жылдын 1-сентябрында болгон. Анда шектүү Знаменские Садки көчөсүндө унаада отурган аялды күч менен зордуктаган. Кармалгандан кийин ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
РИА Новости жазгандай, кармалган Хусанбай Туйчиев СИЗОдон Москвадагы клиникалардын бирине оор абалда түшкөн.
"24-март күнү эртең менен ал каза болгон. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп жазды аталган агенттик.