Англиянын “Манчестер Сити” клубунун өзбекстандык коргоочусу Абдукодир Хусанов клубдун негизги курамындагы ордун жоготуп, жайында командадан кетиши мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Хусанов башкы машыктыруучу Хосеп Гвардиола менен уруша кеткен. Окуя март айынын аягында болгон. Анда түшүнбөстүк өзбек футболчусу менен испаниялык машыктыруучунун тил маселесинен улам келип чыккан.
Машыгуулардын биринен кийин Гвардиола Хусановду жакшы оюну үчүн мактап, "Сен чемпионсуң" деп айткан. Коргоочу ага ушундай жооп бергиси келип, бирок сөзүн бир аз чаташтырып алган. Тагыраагы, Хусанов "Сен дагы чемпионсуң" (You’re a champ too) дегендин ордуна "Сен шампунсуң" (You’re a shampoo) деп айтып алган.
Гвардиола анын бул сөзүн өзүнүн таздыгына кабыл алып, ал эми старттык курамда ойнобой турганын айткан.
Белгилей кетсек, Хусанов акыркы бир нече оюнда талаага чыга элек.