Бүгүн, 21-апрелге карата Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 8 миллиард 7 миллион куб метрди түздү. Бул туурасында "Электр станциялары" ААКсынын маалыматында көрсөтүлөт.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 545 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 270 куб метрди түзүүдө.
Эске салсак, бир ай мурун, 21-мартта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 378 миллион куб метрди түзгөн.