Италияда Рим папасы Францисктин өлүмүнөн кийин футбол боюнча Италия чемпионатынын беттештери убактылуу токтотулду. Бул тууралуу А сериясынын расмий сайтында айтылды.
Маалым болгондой, бүгүн, 21-апрелге белгиленген бардык беттештер жокко чыгарылган. Бүгүн "Парма" менен "Ювентус", "Женоа" менен "Лацио", "Кальяри" менен "Фиорентина" жана "Торино" менен "Удинезе" кез келмек.
Эске салсак, бүгүн Рим папасы Франциск каза болгону кабарланган. Ал 88 жашта болчу.