Май айындагы эс алуу күндөрү дарыгерлер эмне кылуу керектиги айтылды

Саламаттыкты сактоо министрлиги 1-майынан 9-майына чейинки иш эмес майрам күндөрүндө калкка өз убагында жана сапаттуу медициналык-санитардык жардам көрсөтүү максатында атайын буйрук чыгарды. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине жана облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттыкты сактоо координаторлоруна тапшырмалар берилди.

  1. Кезектеги нөөмөт графиктерин түзүп, жооптуу башкы нөөмөтчүлөрдү дайындоо жана шашылыш жардам көрсөтүүчү бөлүмдөрдүн үзгүлтүксүз, түнкү-күндүзгү иштөөсүн квалификациялуу адистер менен камсыз кылуу;
  2. Медициналык мекемелердин үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу;
  3. Шашылыш жаткыруу үчүн кошумча керебеттерди даярдоо;
  4. Медикаменттердин, медициналык каражаттардын, кандын жана анын компоненттеринин жетиштүү корун камсыз кылуу, ошондой эле тез жардам көрсөтүү үчүн медициналык жабдуулардын ишке жарамдуулугун көзөмөлдөө;
  5. Биринчи баскычтагы медициналык-санитардык жардам уюмдарында каттоо жана процедура бөлмөлөрүнүн 08:00дөн 16:00гө чейин иштешин камсыз кылуу.

Белгиленгендей, Саламаттыкты сактоо министрлиги жарандарды ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана зарыл учурда өз убагында медициналык жардамга кайрылууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан