Чүй облусунун аймагында жол жээктеринде мыйзамсыз соода сатык менен алектенген жаарандарга карата рейдтик иш-чара өткөрүлдү. Бул туурасында Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, 10-18-апрель күндөрү күйүүчү май сатып, жол жээгинде соода жүргузгөндөргө рейд жүрүп, ар бирине 3000 сомдон айып пул салынган. Жалпы 174 миң сом айып пул жыйналды.
Белгиленгендей, рейд жол жээгин иретке келтирүү, тартипти сактоо багытында уюштурулууда.