Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектисинин кеңейтилип жаткан аймагындагы жаратылыш кооздугу иретке келтирилип, бак-дарактар отургузулууда. Бул туурасында социалдык баракчалардын колдонуучулары видео менен бөлүшкөн.
Учурда оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган аймакта жолду кеңейтүү иштери боло тургандыгы айтылып, жабылган. Аны менен катар бак-дарактар да кыйылган.