АКШда төрт жашар кыз апасынын жана агасынын жансыз денеси менен эки жума жашады

Нью-Йоркто Промис аттуу төрт жашар кыз апасы менен агасынын жансыз денеси менен батирде жарым айдай жалгыз жашаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кыздын 38 жаштагы апасы Лиза Коттондун жакындары ал байланышка чыкпай калганын айтып, полицияга кайрылышкан. Полиция үйгө келип эшикти күч менен ачкандан кийин аялдын жана 8 жаштагы анын уулунун сөөктөрүн, ошондой эле арыктап алсыз жаткан 4 жашар кызды табышкан.

Дарыгерлер 38 жаштагы аялдын кокусунан жүрөгү токтоп каза болгон деп болжолдошкон, ал эми эрте төрөлүп, түтүк менен тамактандырууну талап кылган 8 жаштагы бала апасынын өлүмүнөн кийин тамак-аштын жетишсиздигинен каза болгон.

Төрт жаштагы кыз жансыз денелер менен 14 күн жашаган жана үйдө таап алган шоколадын гана жеп келген. Коңшуларынын айтымында, алар бир нече күн мурун Балдар кызматына жана полицияга телефон чалган, бирок алар эшикти эч ким ачпагандыктан кайра кетип калышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан