Футбол боюнча Орусия улуттук курама командасы Борбор Азия футбол ассоциациясынын өлкөлөрү арасында өтүүчү турнирге чакыруу алды. Бул тууралуу Sport24 басылмасы өз булактарына таянуу менен жазды.
Мелдеш 2025-жылдын сентябрь айынын башында өтөт. Бирок Валерий Карпиндин командасы турнирге катышабы же жокпу азырынча белгисиз.
Бул бирикмеге Ооганстан, Иран, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет.
2022-жылдын 28-февралында Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) менен Европанын футбол ассоциацияларынын биримдиги (УЕФА) Орусия курама командасын жана орус клубдарын эл аралык турнирлерден четтеткен.