Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлдун" концерттик залда теракт жасоого шектелген төрт кылмышкер кол салуудан мурун коркуу же стресстен сактанган зат кошулган суусундук ичишкен. Бул тууралуу ТАСС агенттигине айыпталуучулардын биринин жактоочусу Олег Власов билдирди.
"Сурак учурунда менин кардарым Далержон Мирзоев, Шамсидин Фаридуни ага коркуу же стресстен сактанган зат кошулган бир бөтөлкө суу бергенин айтты", - деген жактоочу.
Жактоочунун айтымында, суусундук кызыктай даамга ээ болгон, бирок аны ичкенден кийин террорчулар күч жана ачууланууну сезип, алардын коркуу сезими жоголгон.
"Мирзоев буга чейин адам эмес тоокко да колун көтөрө албаганын, бирок ичип алгандан кийин коркпой кылмышка барганын айтты", - деп кошумчалаган Власов.
Белгилей кетсек, окуя былтыр, 2024-жылдын 22-мартында Москва шаарындагы "Крокус Сити Холлдо" болгон. Андагы теракттын натыйжасында 144 адам каза болуп, дагы 551 адам жаракат алган.