Палестинанын президенти Махмуд Аббас Газа тилкесин көзөмөлдөгөн ХАМАС кыймылын барымтадагы израилдиктерди бошотууга чакырды. Ал эгер барымтадагылар бошотулса Израилдин согуш жүргүзүүгө шылтоосу калбайт деп эсептейт.
"Азыр биздин башкы милдетибиз - Газа тилкесинде жүрүп жаткан кыргынды токтотуу. Бул бүтүшү керек. Газада күн сайын жүздөгөн адамдар өлүп жатат. Израилдиктерге себеп берүүнү токтуп, барымтадагыларды бошоткула", - деп кайрылган ал.
Аббас ошондой эле радикалдарды Газаны көзөмөлдөөнү Палестинанын улуттук бийлигине өткөрүп берүүгө да чакырган.
"Эгерде Израилдин оккупациясы токтоп, көз карандысыз Палестина мамлекети түзүлсө, Жакынкы Чыгышта тынчтык орношу мүмкүн. Ал үчүн биз учурдагы пикир келишпестиктерди чечип, палестиналык араздашууну жоюшубуз керек", - деп жазат анын сөздөрүн ТАСС агенттиги.
Анын айтымында, ХАМАС 2007-жылы Газада бийликти басып алып, анклавга алты аскерий жаңжалды алып келди жана азыркы согуштук аракеттерге шылтоо болуп жатат.
Белгилейт кетсек, быйыл 15-январда Израил менен ХАМАС барымтадагыларды бошотуу жана ок атышууну токтотууну макулдашышкан. Үч фазалуу келишим 19-январда күчүнө кирип, анын биринчи фазасы 1-мартта аяктаган. Тараптар келишимдин экинчи фазасына келгенде бир пикирге келе алышкан жок.
18-мартта Израил армиясы Газа тилкесинде согуштук аракеттерди кайра баштап, анклавга массалык сокку урган. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун кеңсеси муну палестиналык ХАМАС кыймылы айтылган сунуштардан баш тартуусу менен түшүндүрүп, сектордогу операциянын максаты бардык барымтадагыларды бошотуу экенин билдирген.
Радикалдар согуштук аракеттердин кайра жанданышы үчүн Израил менен АКШны айыптаган. Израил тараптын акыркы маалыматына караганда, Газа тилкесинде 59 жараны барымтада кармалууда.