
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 1-апрелге карата республиканын аймагында жарандарга берилген социалдык төлөмдөр тууралуу маалымат таратты.
Министрликтин маалыматы боюнча, 26 жеңилдетилген категорияга кирген жалпы 36 миң 091 жаран мурдагы социалдык жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсация алышууда. Бул максатта 1-кварталда республикалык бюджеттен 215,4 миллион сом бөлүнгөн.
"Өзгөчө көңүл Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптарына бурулат. Тактап айтканда, 13 согуштун катышуучусу, 1 майып, 7 концлагерлердин мурдагы жашы жете элек туткунуна, “За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган 11 адам ар бири ай сайын 17 000 сомдон алышат", - деп айтылат маалыматта.
Бул сумма төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- 7 000 сом - жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация;
- 3 000 сом өмүр бою берилүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясы;
- 7 000 сом - Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына үстөк акы.
Ал эми 9-май Жеңиш күнүн майрамдоонун алкагында, министрлик тарабынан жалпы суммасы 7,3 миллион сом өлчөмүндө бир жолку акчалай жөлөк пул каралган.
Бир жолку төлөмдөр төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыбына — 20 600 сомдон;
- согуштун катышуучуларына, концлагердин мурдагы жашы жете элек туткундарына жана “Ленинграддын коргоочусу” белгисинин ээлерине — 20 400 сомдон;
- согушта курман болгон жоокердин жесирине — 15 200 сом;
- Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында тылда каармандык менен эмгектенип, СССРдин орден жана медалдары менен сыйланган — 15 100 сомдон.
Министрлик бул төлөмдөр Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана тылдагы эмгекчилерди урматтоо максатында жыл сайын жүргүзүлө тургандыгын кошумчалады.