Бүгүн, 23-апрелде Ош облусунун Алай районундагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 20 батирлүү жатаканасы пайдаланууга берилди. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чарага Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев, район акими Чыңгыз Бапаев жана медицина кызматкерлери катышты. Облус жетекчиси жатакананын ички шарттары менен таанышып, ак халатчандарды жаңы турак жай менен куттуктады. Ал белгилегендей, бул демилге жаш дарыгерлерди аймакка тартууга жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
"1977-жылы курулган бул имарат мурда оорукананын балдар жана жугуштуу оорулар бөлүмү катары кызмат кылып келген. 2021-жылдан тарта колдонууга жараксыз болуп калгандыктан, аны заманбап жатаканага айлантуу чечими кабыл алынган. Оңдоп-түзөө иштерине Ош облустук өнүктүрүү фондунан 6 миллион 660 миң сом, ал эми Алай ЖДПБнын бюджетинен да кошум каражат бөлүнүп, жалпы 7 миллион сомдон ашуун каражат жумшалды. Батирлер дарыгерлердин муктаждыгына жараша бөлүштүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
- 1 бөлмөлүү 12 батир;
- 2 бөлмөлүү 4 батир;
- 3 бөлмөлүү 3 батир;
- 1 балдар ойноочу бөлмө;
- 4 санитардык бөлмө;
- 2 тамактануучу бөлмө бар.