ТИМ Стамбулдагы жер титирөөгө байланыштуу билдирүү таратты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 23-апрелде Стамбулдун Силиври жана Бүйүкчекмеже районунда болгон жер титирөөлөргө байланыштуу окуяларга тыкыр көз салууда.

ТИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учурда Кыргызстандын жарандарынын арасында жабыркагандар катталган эмес. Буга байланыштуу министрлик Стамбул жана анын айланасындагы кыргызстандыктарга сабырдуулукту сактап, жергиликтүү бийликтин жана өзгөчө кырдаалдар кызматынын көрсөтмөлөрүн так аткарууну сунуштайт.

Эгерде кандайдыр бир маселе жаралса +90 53510772 12 номурлары аркылуу Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугуна кайрылууга чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан