Салык кызматынын төрөгасы Алманбет Шыкмаматов Талас шаарындагы базарды кыдырып, соодагерлер менен жеринде жолукту. Аталган кызматтын социалдык баракчасына жарыяланган тасмада соодагерлер ККМ аппараттарын айрым учурларда гана колдонуп жаткандыгы маалым болду.
Шыкмаматов жеринде жарандар менен баарлашып, соодагерлерди кайрадан патентке өткөрүү боюнча аракеттер жүрүп жаткандыгын билдирди.