Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанга гранттык негизде берген 10 өрт өчүрүүчү унаасы Бишкекке келди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, эртең, 25-апрелде борбордогу ӨКМдин борбордук аппаратынын имаратыныда аларды тапшыруу орун алат.
Иш-чарага министр Бообек Ажикеев, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов жана министрликтин өздүк курамы катыша тургандыгы айтылган.