Чүй облусунун Беш-Күнгөй айылында жаңыдан курулган "Достук Арена" футбол стадионунун мурунку жана азыркы абалы тартылган видео жарыяланды.
Кыргыз футбол биримдигинин маалымат кызматы билдиргендей, аренанын ачылышы эртең, 26-апрелде орун алат. Ачылуу аземи өлкөнүн примьер-лигасынын 7-турунун алкагында "Талант" жана "Алга" футбол клубдарынын оюну менен коштолот.
Кошумчалангандай, стадиондун расмий ачылышы саат 18:30да башталса, беттеш 20:00дө орун алат. Кирүү чакырылгандарга гана экендиги эскертилген.