Бүгүн, 26-апрелде Нарын облусунун Куланак айылында айыл жаштары тарабынан уюштурулган ынтымак кубогу өтүүдө.
Ынтымак кубогу айыл жаштары тарабынан былтыр, 2024-жылы уюштурулган. Ынтымак кубогунда айыл жаштары кичи футбол, волейбол, кол күрөш, чуркоо, гиря көтөрүү, кыргыз күрөш сыяктуу спорт түрлөрүнөн биринчилик үчүн ат салышат.
Ачылыш аземине айыл аксакалдары дагы чакырылып, жаштарга батасын беришти. Өз кезегинде Куланак орто мектебинин директору Чынара Абдыкадырова айыл жаштарына коомдук иштерге активдүү катышканы үчүн ыраазычылыгын билдирип, атайын ыраазычылык кат тапшырды.
Бүгүн башталган айылдын ынтымак оюну эртең, 27-апрелде жыйынтыкталат.