Өлкө боюнча стадиондордун курулушуна жумшалган каражаттардын суммасы айтылды

Өлкөдө 17 стадионду калыбына келтирүү башталып, 5 миллиард 400 миллион сомдон ашуун акча каражат жумшалды. Бул туурасында кечээ, 26-апрелде президент Садыр Жапаров Беш-Күнгөйдөгү стадиондун ачылышында билдирди.

“Алардын ичинен, 10 стадион 2024-жылы ишке берилсе, калганы – Каракол, Өзгөн, Токтогул, Кара-Суу жана Бишкек шаарларындагы стадиондор жакынкы мезгилде тапшырылат. 2025-жылы дагы 15 объектте курулуш иштери башталып, анын ичинде облустук борборлор болуп эсептелинген Баткен, Нарын, Талас жана Токмок шаарларында дагы ири стадиондор салынат. Мындан тышкары Бишкекте 51 миң адамды сыйдыра турган, Орто Азиядагы эң ири "Бишкек Арена" стадиону салынууда. Анын курулушу кийинки жылы бүтүп, Эгемендик күнүндө тапшыруу мерчемделип жатат”, - деди Садыр Жапаров.

Президент жаңы спорт инфраструктурасы кыргыз футболунун эл аралык аренада мындан аркы ийгиликтерине түрткү болоруна ишенимин билдирди. Ошондой эле өлкө башчысы улуттук курама команда 2027-жылы өтүүчү Азия кубогуна жолдомо утуп алганын жана 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына катышуу үчүн күрөштү улантып жатканын эске салды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан