26-апрелден 27-апрелге караган түнү Испания кубогунун финалдык беттеши "Реал Мадрид" менен "Барселона" футбол клубдарынын ортосунда өттү.
Оюн Севильядагы "Ла Картуха" стадионунда өтүп, кошумча убакытта Барселонанын жеңиши менен аяктады. Беттешти белгилүү калыс Рикардо де Бургос Бенгоэчеа башкарды.
Оюндун башында Барселона үстөмдүк кылып, Педринин голунун аркасында биринчи таймды 1:0 эсебинде аяктады. Бирок мадриддик команда экинчи таймда таптакыр башка багытты көздөдү. Экинчи мөөнөттүн ортосунда "Реал" жети мүнөттө эле эки голдун ээси болуп, алдыга чыга алды. Аны эки француз Килиан Мбаппе жана Аурельен Тчуамени киргизди. Бирок 84-мүнөттө Ламин Ямалдын чыгарып берүүсүнөн кийин Ферран Торрес дарбазага гол киргизип, оюн эсебин теңдеди. 90 мүнөттөн кийин жеңүүчү аныкталбай, оюн кошумча убакытта уланды.
Кошумча убакыттын бүтүшүнө төрт мүнөт калганда барсачы Жюль Кунде топту борбордо тосуп алып, айып аянтчанын сыртынан сокку узатып, Барсаны алдыга чыгарды. Оюн 3:2 менен жыйынтыкталды.
Ошентип каталониялыктар кошумча убакыттын аягында жеңишти тартып алып, 32-ирет Испания кубогунун жеңүүчүсү болушту.