Кытайда алтын алып, накталай акча чыгарып берген банкоматтар пайда болду (видео)

Кытайда зер буюмдарын алып, накталай акча чыгарып берүүчү бонкаматтар пайда болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, аппарат зер буюмдарын эритип, тазалыгын текшерип, 30 мүнөттө анын акчасын берет.

"Кытайлык Kinghood Group компаниясы тарабынан жасалган машина салмагы үч граммдан ашкан жана тазалыгы 50 пайыздан кем эмес каалаган алтын буюмду алып, аны иштетип, 30 мүнөттүн ичинде сатуучунун банк эсебине эквиваленттүү сумманы которот. Мындан тышкары, эч кандай документ же өздүгүн тастыктаган документ талап кылынбайт.

Алтындын баасы көтөрүлүп жаткандыктан, жарандар эски зер буюмдарын тапшыруу үчүн кезекке турушат. Кезек май айына чейин толук тогонуну маалыматта кошумчаланган. 40 граммдык алтын чынжырдын 1 граммы 785 юанга сатылат", - деп айтылат маалыматта.

27.04.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан