Ирандын Бандар-Аббас портундагы жарылуудан каза болгондордун саны өсүүдө

Ирандын түштүгүндөгү Перс булуңунун жээгиндеги Бандар-Аббас портунда катуу жарылуу болуп, андан каза болгондордун саны 40ка жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жергиликтүү ЖМКларга таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, жаркат алгандарды саны 1200гө жеткен. Буга байланыштуу Ирандын Ички иштер министри Искендер Моумени каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экенин билдирген.

Порт жайгашкан аймакта үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Белгилей кетсек, жарылуу ишемби күнү болгон. Анда Бендер-Аббас шаарынын батыш тарабындагы өндүрүштүк ишканалар жана бир катар жайлар жабыркаган.

Ал эми буга чейин күчтүү жарылуудан каза болгондордун саны 14кө жеткени кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан