Кыргызстан быйыл Казакстанга канча көлөмдө суу берери белгилүү болду

Казакстанда Чүй жана Талас дарыяларындагы мамлекеттер аралык суу чарба объекттерин пайдалануу боюнча Кыргызстан менен Казакстандын комиссиясынын 35-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, кыргыз делегациясын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, казак тарапты суу ресурстары жана ирригация вице-министри Нурлан Алдамжаров жетектеди.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар суу алуу графиктеринин аткарылышын, аткарылган иштердин көлөмүн жана объектилерди биргелешип каржылоо маселелерин талкуулашты.

Комиссиянын 35-отурумунун жыйынтыгында протоколго кол коюлуп, ага ылайык, Кыргызстан 2025-жылдагы сугат мезгилинде Казакстанга жалпы 580 миллион метр куб суу берет (Талас дарыясынан 400 миллион метр куб, Чүй дарыясынан 180 миллион метр куб).

Белгиленгендей, бул көлөм өткөн жылдагы деңгээлде сакталат.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан быйылкы сугат мезгилинде Казакстанга 600 миллион метр кубдан ашык суу бөлүп берери айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан