Шоумен Кадыр Жарматов SUPER.KG порталына маек куруп, башынан өткөргөн оор учур “Кара дуба” аталышындагы тасмада чагылдырылганын билдирди.
Жарматов сценарий жазуу кыйын болгонун, өзгөчө съёмка учурунда каармандын сарайга барып асынган жерин тартуу эски жаратын козгоп өткөнүн айтат.
"Сценарийди жазып жатканда оор болду. Балдарым чоңоюп жатат, кийин алар кандай кабыл алып калат. Кайын журтума катуу тийип калбайбы деп ойлоп, анан маркум келинчегимде болгон симптомдорду сценарийге түшүрүп, жаздык" дейт ал.
Ошондой эле Кадыр мырза жеке жашоосу тууралуу да айтып, азыркы келинчеги бир тууган балдызы эмес экенин жана жакында уулдуу болгонун кабарлады.
Маекти толугу менен порталдын ютуб каналынан көрүңүз.