
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Чыйырчык жайлоосунда 30 гектар жерге 15000 көчөт отургузулду. Бул туурасында ӨКМдин билдирүүсүндө айтылат.
Маалыматта белгиленгендей, бул саамалык ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын жана министрликке караштуу Токой кызматынын адистери тарабынан ишке ашырылды.
Мындай аракеттер аймакта сел кырсыктарын алдын алуу, жаратылышты, токой экосистемаларын байытуу жана экологияны коргоого өбөлгө түзмөкчү.