Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курамасына башкы машыктыруучу болуп UEFA PRO лицензиясына ээ болгон бразилиялык адис Эдмар Ласерда дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Кабарлангандай, адис кезинде профессионалдык футбол оюнчусу катары бразилиялык «Индепендиенте», «Паулиста» жана «Интернасьональ» клубдарында ойногон. Ал 2003-жылы Украинага көчүп, «Таврия», «Металлист», «Днепр» сыяктуу украиналык клубдарында карьерасын уланткан.
Украиналык жарандык алгандан кийин Ласерда 2011-2014-жылдар аралыгында Украинанын Улуттук курама командасы үчүн ойногон.
2019-жылы машыктыруучулук карьерасын баштаган Эдмар Ласерда 2023-жылга чейин «Металлист 1925» клубунда машыктыруучу болуп иштеп, 2024-жылы казахстандын «Тобол» клубунда машыктыруучунун жардамчысы болуп эмгектенген.
Машыктыруучу кураманы ушул жылдын сентябрь айында өтө турган Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына даярдайт.