Чемпиондор Лигасы: "Барселона" менен "Интер" сенсациялуу оюн өткөрүштү (видео)

Бүгүн, 1-майга караган түнү Чемпиондор Лигасынын жарым финалдык оюну болуп өттү.

Анда каталондук "Барселона" өз үйүндө "Интер" клубун кабыл алып, оюн 3:3 эсебинде сенсациялуу аяктады.

"Интердин" чабуулчусу Маркус Тюрам биринчи мүнөттө эле атаандаштарынын дарбазасына топту согончогу менен укмуштуудай тоголотуп, эсеп санын ачты. Көп өтпөй эле "Интердин" коргоочусу Дензел Дёмфрис эсепти 0:2ге айлантты. Бирок тыныгууга чейин үй ээлери Ламин Ямаль менен Ферран Торрес эсепти теңешти.

Экинчи таймдын башында Дёмфрис дубль жасап, эсепти 2:3 кылды. Каталондук клубдун чабуулчусу Рафинья бурчтан чыгарылып берген топту алыс аралыктан дарбазага таамай багыттап, эсеп санын 3:3кө айлантты.

Командалардын жооптук беттеши 6-майда Миландагы "Сан-Сиро" стадионунда өтөт.

Буга чейин биринчи жарым финалдык оюнда франциялык ПСЖ конокто Англиянын "Арсенал" клубун минималдуу эсеп менен жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан