Европа биримдиги тарабынан каржыланган Кыргызстандын билим берүү системасына узак мөөнөттүү өзгөртүү киргизүү боюнча жаңы демилге бүгүн, 27-майда Бишкекте расмий түрдө ишке кирди. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, "Инклюзивдик жана STEAM билим берүүнү мектептерде илгерилетүү" долбоору бардык окуучулар үчүн адилеттүү, инклюзивдик жана келечекке даяр мектеп чөйрөсүн өнүктүрүүгө колдоо көрсөтөт.
Ачылыш аземине Билим берүү жана илим министрлигинин, Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн, Литва Республикасынын, жергиликтүү билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
Эки жылдык долбоор үч негизги максатка жетишүүгө багытталган:
"Инклюзивдик билим берүүнү бекемдөө жана окутуунун усулдарын модернизациялоо – биздин өлкөнүн билим берүү тармагындагы негизги артыкчылыктарынын бири", - деди салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Агартуу министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев.
Твиннинг долбоору Литва Республикасы менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда, анын билим берүү тармагын реформалоодогу тажрыйбасы баалуу идеяларды берет. Алдыдагы эки жылдын ичинде литвалык эксперттер кыргызстандык кесиптештерине билим берүү саясатын кайра карап чыгууда, тандалган мектептерде жаңы инструменттерди пилоттук колдонууда жана мугалимдерди инклюзивдик жана көндүмдөрдүн негизинде окутууда, даярдоодо колдоо көрсөтүшөт.
"Бул жөн гана символикалык өнөктөштүк эмес, бул чыныгы ноу-хау трансфери. Биздин өлкөдө реформаларды түзгөн жана ишке ашырган билим берүү чөйрөсүндөгү ондогон литвалык алдынкы эксперттер өздөрүнүн кыргыз кесиптештери менен түздөн-түз иштешет. Биз биргелешип Кыргызстандын билим берүү системасын ичтен чыңдай турган инструменттерди, саясаттарды жана ыкмаларды бөлүшөбүз", - деди Литва Республикасынын билим берүү, илим жана спорт вице-министри Йонас Петкевичюс.
Европа Биримдиги Кыргызстандын билим берүү сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча аракеттерин көптөн бери колдоп келет. Евробиримдиктин өлкөдөгү убактылуу ишенимдүү өкүлү Ханс Фарнхаммер долбоордун Евробиримдиктин баалуулуктары менен шайкештигин баса белгиледи.
"Билим берүү – инклюзивдик өнүгүүнүн жана социалдык туруктуулуктун пайдубалы. Бул долбоор Евробиримдиктин билим берүүнү бардык окуучулар үчүн жеткиликтүү, актуалдуу жана натыйжалуу кылуу боюнча күчтүү жана узак мөөнөттүү милдеттенмесин чагылдырат", - деди ал.
Долбоордун кийинки этабы мугалимдердин потенциалын жогорулатууну, каржылоонун жаңы моделдерин иштеп чыгууну жана тандалган мектептерде инновацияларды пилоттук түрдө киргизүүнү камтыйт. Демилге Туруктуу өнүгүү максаттарына, өзгөчө сапаттуу билимге жана гендердик теңчиликке байланыштуу максаттарга жетишүүгө салым кошот жана Евробиримдиктин аймактагы билим берүү реформасына кеңири колдоосунун бир бөлүгү болуп саналат.