Индияда пиротехникалык каражаттарды чыгарган заводдо жарылуу болду

Индиянын Пенджаб штатындагы пиротехникалык каражаттарды чыгарган заводдо жарылуу болуп, кеминде беш киши каза болду. Бул тууралуу 30-майда чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, жарылуудан эки кабаттуу фабриканын имараты толугу менен урап түшкөн.

"Бүгүн түнү Муктсар районундагы пиротехникалык каражаттарды чыгарган заводдо болгон жарылуудан кеминде беш киши каза болуп, 34 жаран жараат алды", - деп жазды Indian Express басылмасы.

Жергиликтүү бийлик урандылардын астында адамдар болушу мүмкүндүгүн айтууда. Мындан улам учурда куткаруучулар куткаруу-издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан