Астанада кыргыз-казак саясий консультациялары болуп өттү

Кечээ, 13-июнда Астанада Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаевдин жана Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Ермухамбет Конуспаевдин төрагалыгы астында эки тараптуу кызматташтык жана аймактык өз ара аракеттенүү маселелери боюнча саясий консультациялар болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, транспорттук-транзиттик, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-казак мамилелеринин актуалдуу маселелерин толук талкуулашты. Ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттешүүсү тууралуу пикир алмашуу болду. Кыргызстандын жарандарынын Казакстанда жүрүү шартына байланыштуу маселелер көтөрүлдү.
Ошол эле учурда, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга расмий сапарын даярдоо, мамлекет, өкмөт жана тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан