Буга чейин "Токмокто уулу ата-энесинин үйүн өрттөп, өздөрүн сабап келген" деген видео интернетке тарап, чуу жаратты. SUPER.KG аталган жерге барып, жабырлануучулардан кабар алып, окуя менен таанышты.
Учурда жабыркаган ата, апа кызынын жана уулунун балдарын, жалпысынан 9 небереси менен айылдын четиндеги сарайда убактылуу жашап жатышат.
Атанын айтымында, уулу буга чейин экскаватор менен үйүн талкалап, үйдөгү ызы-чууну кетирбесең үйдү өрттөп салам деген. Кийинчерээк үйүн чын эле өрттөп салган.
Ата менен апанын маегин толук түрдө порталыбыздын YouTube каналынан көрө аласыздар.