
«Россия» атайын учуу отрядынын Ту-214 учагы Анкоридж шаарындагы «Эльмендорф-Ричардсон» аскердик базасына конду.
Flightradar24 кызматынын маалыматына ылайык, учак Магадан шаарынан учуп чыккан, бирок анын ичинде кимдер экени белгисиз.
Владимир Путиндин учагы Москва убакыт боюнча 22:00дө (Гринвич убактысы менен 19:00)башкача айтканда, дагы бир сааттан кийин конушу керек болчу.
Дональд Трамп азырынча Анкориджге бара элек.