АКШнын президенти Дональд Трамп Аляскадагы «Эльмендорф-Ричардсон» аскердик базасына келди.
Ал Орусиянын президенти Владимир Путинди жеке өзү тосуп алат. Андан соң эки лидердин министрлердин катышуусундагы жолугушуусу, ошондой эле делегациялардын катышуусунда таңкы тамактануу болот.
Болжолдуу түрдө саммит жалпы 6–7 саат уланат.
Эске салсак, бүгүн АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусия президенти Владимир Путиндин Аляскада сүйлөшүүлөрү пландалган. Ал жерде Украина менен Орусия ортосундагы тынчтык келишими талкууланары күтүлүүдө. Бул келишимде айрым аймактар боюнча алмашуу маселеси да каралышы мүмкүн экени айтылган.