АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путин сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Аляскага келишти.
Трамп Путинди жеке өзү тосуп алды. Ак үй мурда билдиргендей, жолугушуу «үчкө үч» форматында өтөт.
Трамп менен сүйлөшүүлөргө мамлекеттик катчы Марко Рубио жана атайын өкүл Стив Уиткофф кошулат. Ал эми Орусия тараптан жолугушууга Путин менен бирге Лавров жана Ушаковдун катыша турганы айтылды.