Иерусалимде жүргүнчү ташыган автобуста теракт катталды.
Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, автобуста бара жаткан куралчан эки адам жүргүнчүлөргө карата ок ачкан.
Кылмышкерлер окуя болгон жерде жок кылынды. Акыркы маалыматтарга ылайык, 15 киши жаракат алып, 5 киши каза болду. Коопсуздук кызматтары окуя болгон жерде ишин улантууда.