Бүгүн, 12-сентябрда Алай районунун Калама жайлоосунда Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган эл аралык айтыштын финалдык туру өттү. Финалга чыккан 8 жуп акындын арасынан Чыңгызхан Кожошев баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдирди.
Маалыматка ылайык, ага бүгүн кечинде Ош шаарынан бир бөлмөлүү батир тапшырылат.
Жыйынтыгында:
• 3-орун – Жылдызбек Төрөканов (200 миң сом),
• 2-орун – Кутман Садыбакасов (300 миң сом),
• 1-орун – Изат Айдаркулова (500 миң сом) алды.
Иш-чарага мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, чет элдик коноктор жана жергиликтүү тургундар катышты.