Биз социалдык тармакта

Бишкектик параармрестчилер Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жетишти

10–23-сентябрь аралыгында Болгариянын Албена шаарында параармрестлинг боюнча Дүйнө чемпиондугунун 27-жолку турнири өтүп жатат. Бул мелдеш дүйнөлүк спорт календарынын маанилүү иш-чараларынын бири болуп саналат.

Мэриядан билдиришкендей, мелдешке теннис, паралимпиада жана спорттун күч түрлөрү боюнча ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары катышып, Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп, жогорку жыйынтыктарга жетишти:

  • Бекбоосун Токтосун уулу — Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу чоң жетишкендикке жетип, чоңдор арасында кыймыл аппараты бузулган спортчулардын 60 килограммга чейинки салмак ченинде (сол кол) 1-орунду ээледи.
  • Эрлан Камчыбек уулу — угуу жөндөмү чектелген спортчулардын арасында 60 килограммга чейинки салмак ченинде (сол кол) 3-орунду ээледи.

17-сентябрда мелдештер оң кол боюнча улантылып, кыргыз спортчулары дагы бир ирет байгелүү орундарды камсыздашты:

  • Бекбоосун Токтосун уулу — кыймыл аппараты бузулган чоңдор арасында 60 килограммга чейинки салмак ченинде (оң кол) 3-орун.
  • Эрлан Камчыбек уулу — угуу жөндөмү чектелген спортчулардын арасында 60 килограммга чейинки салмак ченинде (оң кол) 3-орун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан