Биз социалдык тармакта

Дрондордон улам Копенгаген менен Осло аэропорттору убактылуу жабылды

Кечээ, 22-сентябрда Норвегиянын борбору Ослодогу Гардермуэн аэропорту жана Даниянын Копенгаген аэропортунун аймагында дрондор байкалганына байланыштуу аба мейкиндиги убактылуу жабылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, бир нече каттам башка шаарларга багытталып, полиция иликтөө жүргүзүүдө.

Копенгаген аэропорту бүгүн, 23-сентябрда эртең менен ишин кайра баштаганын билдирилди. Дания менен Норвегиянын бийликтери эки окуянын байланышын тактоо үчүн кызматташууда.

Буга чейин да бир катар европалык аэропорттор, анын ичинде Берлин–Бранденбург жана Брюссель, кибердик чабуулдардан улам техникалык көйгөйлөргө учураганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан