Биз социалдык тармакта

Сузактын Кашка-Терек айылында жаңы мектептин курулушу аяктап калды

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кашка-Терек айылындагы 225 орундуу жаңы мектептин курулушу кызуу уланып жатат. Курулуш иштери 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдирди.
Долбоорго ылайык, мектеп эки кабатуу курулуп, окуучулар жана окутуучулар үчүн заманбап бардык шарттар каралган. Мектептин жалпы аянты 1595,46 чарчы метрди түзөт.
Курулуш иштери министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, “Адис строй” ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылып жатат.
Белгилей кетсек, объектинин курулушун 2025-жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан