Жалал-Абад шаары Манас болуп өзгөртүлгөнү инвесторлордун агымы көбөйдү. Бул тууралуу калаа мэри Эрнисбек Ормоков "Кабар" агеттигине берген маегинде билдирди.
Ал муну Манас деген ат белгилүү болгону менен түшүндүрдү.
"Азыр Франциядан, Германиядан сунуш түшүп жатат. Мына, кытайлар 3,5 миллион долларлык шаарга таза суу түтүгүн тартууга кызыкдар. Ички инвесторлор үйлөрдү, өндүрүштөрдү салат элек дешүүдө. Бул деген Манас деген аттын баалуулугунда окшойт деп ойлойм. Буга чейин Жалал-Абад дегенде Оштун карамагындагы кичинекей шаар катары элестетишчү экен да", - деди Ормоков.