
Араван районунун Достук айыл аймагындагы Пахта-Абад айылында жайгашкан маданият үйүн капиталдык оңдоого жана жаштар борборун түзүүгө 40 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдирди.
Бул каражаттын 5 миллион сому Араван районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө багытталат.
Тиешелүү каражатты бөлүп берүү боюнча Президенттин тескемеси чыккан. Бул тууралуу бүгүн, атайын жыйындын жүрүшүндө, облус башчысы Элчибек Жантаев билдирди.
Бул долбоор аймактагы маданий жана жаштар саясатын колдоо максатында ишке ашырылууда.