Биз социалдык тармакта

Албания менен Грециянын чек арасында 100 миңден ашык жөргөмүштүн желеси табылды (видео)

Албания менен Грециянын чек арасында дүйнөдөгү эң ири жөргөмүш желеси табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Subterranean Biology журналында жарыяланган изилдөөгө ылайык, анда 111 миң жөргөмүш жашайт жана аянты 106 чарчы метрге жетет.

Маалым болгондой, желеде 69 миң Tegenaria domestica жөргөмүшү жана 42 миң Prinerigone vagans жөргөмүшү жашайт. Илмпоздордун пикиринде, бул көрүнүш жөргөмүштөрдүн колониялык жүрүм-турумунун биринчи далили болуп эсептелет.

Изилдөөнүн башкы автору Иштван Урак белгилегендей, бул колония — эки түрдүн ушунчалык көп санда бир желеде бирге жашаганы уникалдуу учур.

Албания менен Грециянин чек арасында 100 миңден ашык жөргөмүштүн желеси табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан