Эл жазуучусу Султан Раев Ташкентте жогорку сыйлыкка татыды

Кечээ, 15-ноябрда ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раев Ташкентте жогорку сыйлыкка татыктуу болду. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Азербайжан, Казакстан жана Тажикстандын лидерлери менен бирге президент Садыр Жапаров Ислам цивилизациясы борборуна барышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө "Келечек мурасы" эл аралык сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Анда Султан Раев "Адабият" номинациясындагы сыйоыкка татыды.

Маалымат үчүн: "Келечек мурасы" сыйлыгы адабият, маданият, искусство, илим, билим берүү жана санариптик технологиялар тармагынын өнүгүшүнө зор салым кошкон ишмерлерди колдоого жана сыйлоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан